Оштун мэри Бакыт Жетигенов кандай кесиптерди аркалаган? Өмүр баяны

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Жетигеновдун өмүр баяны:

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Сайлык айылында туулган.

Билими:

1991 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда «машыктуруучу-мугалим» адистиги боюнча билим алган;

2013 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1988 — МПМКда бетон даярдоочу;

1988 — «Ирригатор» бакча коомчулугунда кароолчу;

1989 — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010 — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2015-2021 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

Былтыр 26-ноябрда Бакыт Жетигенов менен бирге 14 киши УКМК тарабынан «бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган. 22-декабрда Жетигенов соттун чечими менен камактан чыгарылган.