Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесине ылайык ал тууралуу буйрукка кол койду, деп билдирди басма сөз кызматы.

Б.Жетигенов КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышында депутат болгон. Мурунку мэр Алмаз Мамбеталиев кызматтан бошотулган болчу.