Чүйдө КамАЗ турак үйдү сүзүп, айдоочу ооруканага түштү 

Чүй облусунун Сосновка айылында кечээ, 28-ноябрда КамАЗ турак үйдү сүзүп алды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КамАЗдын айдоочусу болжол менен саат 16:15те Бишкек – Ош жолунун 77-чакырымында түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгине чыгып, үйдү сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жабыркап, Жайыл районунун аймактык ооруканасына жеткизилген.