Мэр Эмилбек Абдыкадыров жаңы кеңешчисин дайындады

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Шамбетова Махабат Амантуровнаны архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин ал  «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында иштеген.