Бакиров Башкы прокуратурага арыз жазды

Жогорку Кеңеште иш бөлмөсүнөн чыгарылган депутат Өмүрбек Бакиров Башкы прокуратурага азыр жазды.

Анын айтымында, ал Башкы прокуратурага арызды дүйшөмбү күнү жазган.

«Азыр депутаттык комиссия иштеп жатат. Башкы прокуратурага азыр жазгам. Тергөө тобу келип, тергөө амалдарын жүргүзгөнгө чейин кайсы бир иш бөлмөгө киргенге, азырынча, эрте. Комиссия өзүнүн чечимин чыгарсын, №705 иш бөлмөдөгү буюмдарымдын жарым-жартылайы ошол жакта турат. Ал жакка барып, тергөө тобу тергөө амалдарын жүргүзүшү керек», — деди эл өкүлү.

Депутат, ага 6-кабаттан берилип жатканы айтылган иш бөлмө тууралуу буларды айтты: «Алтынчы кабаттагы иш бөлмө мага бериле элек. Алар (президенттин иш башкармалыгы – ред.) «алтынчы кабаттан иш бөлмө берели, ушул ишти токтотолу» деп сунуштап жатышат. Ал эми мен юридикалык баа берилсин деп жатам».

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.