Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

— Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;

— Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;

— Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу;

— Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;

— “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

642658c57764b.jpg.pagespeed.ce.0yhVNJLlJm Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c4efecb.jpg.pagespeed.ce.Ltr9 IgBfE Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c49884b.jpg.pagespeed.ce.zrrpa1d9Id Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c5e5fc4.jpg.pagespeed.ce.FvdvSv4VQ9 Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c52746d.jpg.pagespeed.ce.lf1XLHlFFZ Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c5c95d8.jpg.pagespeed.ce.ojn VcQC7p Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт
642658c5c891a.jpg.pagespeed.ce.Vl Y27XM9e Кыргызстан Кытайга электр энергия экспорттойт