Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш жакынкы мезгилде иликтенип бүтөт

Бул тууралуу «Фейсбуктагы» түз эфир учурда Бишкек шаардык милициянын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.

Ал тергөөнүн сырын жана маркумдардын, шектүүнүн жакындарынын кызыкчылыгын эске алуу менен кошумча маалымат берилбей турганын билдирди.

«Учурда бул кылмыш иши иликтенип жатат. Себептери, жагдайлары такталууда. Бизде жетиштүү далилдер бар. Кылмыш иш боюнча жыйынтык жакында чыгарылып, соңку процессуалдык чечим кабыл алынат. Бул тууралуу коомчулукка жана ММКларга маалымат берилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.