Ошто УКТ мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген тогузунчу адам кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген тогузунчу адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, бир күн мурун кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ушул жылдын башында киши өлтүрүүгө шектелген Өзгөн районунун 25 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалган.

Эске салсак, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири бычакталып каза болгон. Экинчи жабырлануучу арматура менен катуу сабалгандан кийин оор абалда реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында онго жакын адам издөөгө алынып, Ж.А.дан башкасы дээрлик бардыгы кармалган.

2023 03 30 11 44 35 521015 Ошто УКТ мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген тогузунчу адам кармалды