Сүрөт: Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү

Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын “Гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясында” “Айгүл” гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу Ботаникалык бакчадан билдиришти.

“Айгүл” гүлү Кыргызстанда Баткендеги “Айгүл” таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында “Айгүл” алгачкы гүлдөрүн ачат. Апрелдин ортолорунда “Айгүл” гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага созулат.

Айгүл жоголуп бара жаткан гүлдөрдүн катарында болгондуктан, ал Кызыл китепке киргизилген. Ал илимде «Эдуард чаар гүлү» деп аталат.

236f2a9a 2d8a 45a8 9052 f84c872ba995 Сүрөт: Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү
7b3b8dde a428 43f2 8c16 4a5094f5796d Сүрөт: Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү
7536740d 367d 4b83 a0f5 1886b6f2747e Сүрөт: Бишкекте Айгүл гүлү гүлдөдү