
Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучуларынын атырдын жытына уулануусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучудар дарыгердердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.