УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча

      КР УКМК тарабынан баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
      Маалыматка караганда, айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.
      "2023-жылдын 28-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынган. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган", - деп айтылат маалыматта.
      Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет.
      Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
b06f89b6 2bc8 4b6b 8924 934a253753ba УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
e691e1b1 cf3d 45eb b624 1abdfe22c48b УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
afb391a3 f846 4cc0 bd2c ff26b58efce3 УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
fe662cee a989 40de 8c1a 05c09850c031 УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
831cc5d3 afe1 45bf bf17 1d287c1c3f94 УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
f42abbef bee3 4afb b22d e772e75cce56 УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча
69d214cd 938a 44ac 8355 a972a6057057 УКМК: Баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча