Чүйдүн Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды

Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Орок айыл өкмөтүнүн А.А. аттуу жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 17-мартта кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Эске салсак, кылмыш иштин алкагында былтыр 13-декабрда Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А. жашаган жерде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган», — деп билдирет УКМК.

Учурда документтерди мыйзамсыз даярдоого катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.