ВИДЕО. Коопсуздук курун тагынбаган ИИМ кызматкерине айып салынды

Унаа айдап бара жатып, коопсуздук курун тагынбаган ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерине айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин Бишкекте блогер, коопсуздук курун тагынбай унаа айдаган ИИМдин кызматкерин видеого тартып алган. Ал айдоочуга эскертүү бергенден кийин кызматкер коопсуздук курун тагынган.

Аталган башкармалык мыйзам баары үчүн бирдей экенин белгилеп, аталган кызматкерге миң сом айып пул салынганын билдирди.