Бишкекте батирлерди сатып алуу баасы көтөрүлүп, жогорку деңгээлде калууда

Бишкекте өткөн жылы батирлердин ижара баасы алгач көтөрүлүп, андан кийин кадимки өсүү темпине кайтып келген. Ал эми батирлерди сатып алуу баасы көтөрүлүп, жогорку деңгээлде калууда. Мындай жыйынтыкка Кыргызстандагы House.kg кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү платформасынын талдоочулары келишкенин Economist маалымдады.

Бишкекте батирдин ижара баасы канча турат?

House.kg сайтынын аналитикалык бөлүмү 2022-жылдын октябрь жана ноябрь айларында (Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин) Бишкекте бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлерди ижарага алуу баада чоң секирик болгонун маалымдады.

Ошондой эле өткөн жылдын сентябрь айында ижара акысынын ай сайын көтөрүлүшү студенттер арасында турак жайга суроо-талаптын сезондук өсүшүнөн, ошондой эле айдын акыркы декадасында россиялыктардын миграция толкунунан улам 21%ды түзгөнүн белгилешкен.

Ноябрь айында баанын төмөндөөсү байкалып, акыркы үч айдын ичинде баалар кадимки өсүш темпине кайтып келген.

«Мында ижарага болгон суроо-талап дагы эле бааларды жөнгө салат деп айта алабыз», — деп белгилешет талдоочулар.

Жалпысынан акыркы эки жылда Бишкек шаарында ижара акысынын баасы тынымсыз өсүүдө:

2021-жылы ижара акысы чарчы метр үчүн 2 долларга кымбаттаган;

2022-жылы чарчы метр үчүн 3 долларга жогорулаган.

2023-жылдын февраль айында ижара баасы 1 чарчы метр үчүн 9,64 долларды түзгөн. Ошентип, 50 м² батирди орто эсеп менен айына 480 долларга ижарага берилген.

Бишкекте батирдин баасы канча турат?

Бишкек шаарында батирлердин бир чарчы метринин баасы кадимки өсүш темпине кайтып келбей, өсүүсүн уланууда. Октябрда да аномалдуу секирик болуп, бир чарчы метр үчүн $980 (сентябрьдагы көрсөткүчтөн айырмаланып, чарчы метр үчүн $931)

Акыркы эки жылда Бишкекте батирлердин баасы да тынымсыз өсүүдө:

2021-жылы бир чарчы метрдин баасы 100 долларга өскөн;

2022-жылы бир чарчы метрдин баасы 200 долларга өскөн;

2023-жылдын февраль айында бир чарчы метрди сатуунун орточо баасы $1,062 түздү.

House.kg – ай сайын 100 000 колдонуучу аудиториясы бар жана 20 000 активдүү жарнактардын маалымат базасы камтылган Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү боюнча онлайн платформа (веб-сайт жана мобилдик тиркемелер) болуп эсептелинет.