“Түбөлүк химиялык заттар” дүйнө жүзү боюнча даараткана кагаздан табылды

“Түбөлүк химиялык заттар” дүйнө жүзү боюнча даараткана кагаздан табылган.
Америка Кошмо Штаттарындагы Флорида университетинин окумуштуулары дүйнө жүзү боюнча даараткана кагазында табигый чөйрөдө иш жүзүндө ыдырабаган ПФАС уулуу кошулмаларын табышкан. Эксперттердин айтуусу боюнча, даараткана чөйчөктөрүнө жуулган же канализациялык тазалоочу ишканаларга жөнөтүлгөн таштандылар, кыязы, суулардын булганышынын олуттуу булагы болуп саналат, деп жазат The Guardian.

Эксперименттин жүрүшүндө америкалык изилдөөчүлөр Түндүк жана Түштүк Америкадан, Батыш Европадан жана Африкадан келген 21 брендди сыноодон өткөрдү. Талдоо көрсөткөндөй, ПФАС түбөлүк химиялык заттар деп аталган бөлүкчөлөр продукттун бардык үлгүлөрүндө камтылган. Ал эми көп учурда даараткана кагазында кошулма фторотельомер фосфат диестери пайда болгон. Окумуштуулар бул токсиндерди репродуктивдик системанын дисфункциясы менен байланыштырат.

OIF 61 "Түбөлүк химиялык заттар" дүйнө жүзү боюнча даараткана кагаздан табылды