
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Тойбосс» компаниясы менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акциясын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Акция Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркындагы амфитеатрда 24-мартта, жума күнү өткөрүлөт. Иш-чара кечки саат 18:00 башталат.
«Сиздер үчүн 1000 ооз ачар баштыкча таратылат. Өткөрүп жибербеңиз. Рамазандын алгачкы жума күнү өткөрүлүп жаткан акциябызга аалымдар, карылар, манасчылар жана ырчылар ардактуу конок болушат», — деп билдирет муфтият.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл орозо 23-мартта башталарын билдирген. Ошол эле учурда, орозо баштала турган күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендиги эскертилген.