Бишкекте 1000 ооз ачар баштыкча таратылат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Тойбосс» компаниясы менен биргеликте «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акциясын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Акция Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркындагы амфитеатрда 24-мартта, жума күнү өткөрүлөт. Иш-чара кечки саат 18:00 башталат.

«Сиздер үчүн 1000 ооз ачар баштыкча таратылат. Өткөрүп жибербеңиз. Рамазандын алгачкы жума күнү өткөрүлүп жаткан акциябызга аалымдар, карылар, манасчылар жана ырчылар ардактуу конок болушат», — деп билдирет муфтият.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл орозо 23-мартта башталарын билдирген. Ошол эле учурда, орозо баштала турган күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экендиги эскертилген.