Өз баласын ур-токмокко алган жаран көп жылдар бою уулун сабап жүргөн

Буга чейин Москва районунда өз баласын ур-токмокко алган жаран кармалганы кабарланган.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 16-мартында Москва РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Москва районунун Крупский айылынын 2010-жылы туулган Д.К. аттуу жаш өспүрүм бала өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганды тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факт Москва РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 138-беренесинде (уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, Д.К. аттуу жаш өспүрүм баланын денесинде жаңы жана эски жаракаттар табылып, ал 1989-жылы туулган Д.З. аттуу өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган.

Чүй ОИИББнын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Москва районунун Крупский айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Д.З. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

2023-жылдын 16-март күнү Москва райондук сотунун чечими менен бөгөт коюу чарасы камакка алуу колдонулган.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.