9-класстын окуучусу улуу балдардын ур-токмогунан кийин каза болгон

Сузак районунда 9-класстын окуучусу улуу балдардын ур-токмогунан кийин каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин 102 номерине, Сузак районунун тургуну чалып, 2023-жылдын 01-март күнү саат 16:30 чамасында иниси Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Сузак районунун тургуну 2008-жылы туулган Т.М. өзү окуган мектептин аймагында өзүнө сырттан тааныш болгон балдар уруп денесине залал келтиришип, окуя болгон жерден качып кетишкендигин, ал эми Т.М. Сузак районуна караштуу Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Бул маалымат 2023-жылдын 01-март күнү Сузак РИИБдин МЭЖне катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип фототаблицасы түзүлгөн. Ал эми, 2008-жылы туулган Т.М. жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдын 1-март күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылынын тургундары, Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары 2006-ж.т Д.М., 2006-ж.т Ю.Ж., 2007-ж.т С.А., 2007-ж.т. А.Ө. жана ошол эле мектептин 9-классынын окуучулары 2008-ж.т. Т.М., 2007-ж.т Э.Э. , 2008-ж.т И.Б., 2007-ж.т К.М., 2007-ж.т. Ж.Т. бир катарга тизип алып “эмнеге түндөсү көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, 2008-ж.т. Т.М. денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Сузак районунун тургундары 2006-ж.т. Д.М., 2006-ж.т Ю.Ж., 2007-ж.т. С.А. жана 2007-ж.т. А.Ө. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.