ВИДЕО: Бишкекте аял менен эркектин урушу жол кырсыгы менен аяктады

Бишкекте аял менен эркектин урушу жол кылсыгы менен аяктады. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеонун авторунун айтымында, эң башында жеңил унааны башкарып бара жаткан аял менен унаанын үстүнө жармашып бара жаткан эркектин ортосунда уруш чыккан.

Ошондой эле тасмада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып арыкка кирип кеткени, унаанын үстүндөгү эркек эч нерсе болбой, дароо кыздын артынан чуркап барып, уруп-сого баштаган. Унаадан чыккан кыз «Куткаргыла!» деп кыйкырып жолдон эркек кишиден качып бара жатканын көрүүгө болот. Андан соң эркек анын артынан чуркап келип, жолдун так ортосунда аны сабап баштаган.

Аталган видеону күбө тартып алган.