Манастын эстелиги Таласта орнотулат

Талас шаарынын борборуна Айкөл Манастын эстелиги орнотулат. Манастын эстелигинин ачылышы 21-март — Нооруз майрамына белгиленген. Эстеликтин бийиктиги 12 метрди түзөт.

Талас шаардык мэриясынан белгилешкендей, учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Манастын эстелигинин көчүрмөлөрү 2017-жылдын август айында Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларына тургузулган.

Эстеликтин авторлору КР Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.