Борбор калаада 1-марттан тарта №50 автобус каттай баштады

Бишкек шаарында кечээ, 1-марттан тарта №50 муниципалдык автобус каттамы иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ал Турак жай шаарчасынан (Жилгородок) Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттамакчы. Каттамдын узундугу — 44 чакырымды, аралыгы — 7 мүнөттү түзөт. Линияга 19 автобус чыгат.

Каттам Элебесов, Булгаары заводу, Абдрахманов көчөсү, Чүй проспекти, Чыгыш-5 кичирайону, Валиханов, Анкара көчөлөрү, Рухий-Мурас жаңы конушун камтыйт.