ВИДЕО: Бишкекте медицина кызматкерине кол салууга шектүү кармалды

Бишкек шаарында бейбаштык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганада, буга чейин кабарлангандай, 27-январда милицияга Д.К. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, Чүй менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги тамактануучу жайлардын биринде мушташ учурунда, белгисиз жаран чакырууга келген тез жардам кызматынын дарыгеринин медициналык чемоданын сындырган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы И.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Учурда иликтөө уланууда, анын жыйынтыгы менен менен процессуалдук чечим кабыл алынат», — деп билдиришти милициядан.

Бул окуя боюнча медиктердин айтымында, 27-январда болжол менен саат 21:00до Чүй проспектисиндеги кафелердин бирине чакыруу түшкөн. Жерине барганда, бейтап өзүн жоготуп (дезориентация), суроолорго жооп бере албай, каректери ичкерип кеткен, ичимдиктин жыты жок болгон. Дарыгерлер аны эсине келтирүү үчүн нашатырь жыттатайын дегенде, бейтаптын тааныштарынын (бир тууганы экени айтылат) бири кароо жүргүзүүгө тоскоолдук кылган. Дарыгер тоскоол болбой, четте туруусун суранганда, аны сөгө баштаган. Ошол учурда окуяга кафенин кызматкери кийлигишкен. Бейтаптын тууганы күрөш ыкмасын колдонуп, аны медициналык чемоданга көтөрүп чаап, мушташ чыккан. Ошондо ал компаниядагы жаш жигит колуна бычак алып, дарыгерге жулунган. Кафедеги башка адамдар аларды токтотуп, алар кетип калган.

Ошол эле учурда чемодан, анын ичиндеги дары-дармек, тонометр сынгандыктан, келтирилген чыгым 12,5 миң сомду түзгөн.