Бишкекке 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустар келди

Кытайдан Бишкекке 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы автобустар 15-сентябрына чейин линияга чыгат.

1691742242 Бишкекке 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустар келди

Ошондой эле, “Zhong Tong Bus” компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен  ZHONGTONG BUS HOLDING CO., LTD LCK6105 моделиндеги  менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

1691742250 Бишкекке 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустар келди

Бул долбоор Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн ” Zhong Tong Bus ” компаниясында ишке ашырылууда.