Ысык-Көлдө экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерди кармашты

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-август күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп айылынын аймагында рейддик иш-чарасын жүргүзүү учурунда, мыйзамсыз балык уулоо учурунда 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды.

Кармалган жарандан далил зат катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынган.

Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

whatsapp image 2023 08 11 at 13 24 52 3 Ысык-Көлдө экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерди кармашты