ИИМ: Сокулукта “гашиш” баңгизатын сатууну көздөгөн шектүү кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республиканын түштүк аймактарынан Чүй облусуна баңгизаттарды жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын жоюу боюнча узакка созулган операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жаранды аныкташкан.


Тактап айтканда, 2023-жылдын 21-июлунда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 1983-жылы туулган Н.Ж.Т. шектүү жаран кармалды. Колундагы жүгүндө (полимер пакети) 166 брикет «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Таңгак менен жалпы салмагы 2 кг 120 граммды түздү.


“Кармалган жаран КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” кылмыш иши козголду.
Аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды жана баңгизаттарды келип түшүү каналдарын аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.