Чүйдө мыйзамсыз аңчылык кылган 12 браконьер кармалды

Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган 12 браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылышты коргоо мыйзамын бузгандардан аңчылык мылтыктар жана мыйзамсыз атылган канаттуулар алынды.

Жалпысынан 130 миң сом айыппул салынып жана 35 миң сом доо коюлган. Бардык фактылар боюнча протоколдор түзүлдү.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.