Москвадан Ошко учуп келген келин 600 миң рубль акчасын уурдаткан

Москва шаарындагы «Домодедово» аэропортунун жүк ташуучулары чоң суммадагы акча уурдоого шектелүүдө.

Кылмыш 19-декабрда болгон. Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аэропорттун 2 кызматкери Москва—Ош каттамынын жүргүнчүлөрүнүн жүгүн жүктөп жатышкан. Бирок алар чемодан менен сумкалардын ичин ачып карап, бир чемодандан 600 миң рубль таап, акчаны өздөрүнө алып калышкан.

Чемодандын ээси (аял киши) Кыргызстанга учуп келгенден кийин акчасы жок экенин көрүп, дароо укук коргоо органдарына кайрылган.

Шектүүлөр кармалды. Алар — 38 жана 40 жаштагы жумушчулар.