Жапаров: Бардык мекемелерге Face ID киргизүү зарыл

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканалардагы кызмат көрсөтүүдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл”, — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл санариптештирүү боюнча буга чейин кабыл алынган программаларды ишке ашырууну аяктоо каралган.

“Жаңы санариптештирүү программасын иштеп чыгуу зарылдыгын эске алуу менен Президенттин администрациясы киберкоопсуздук, ФинТех, санариптик трансформация сыяктуу бир катар тажырыйбалуу адистерди тартуу менен эксперттик кеңешин түзүү чечимин кабыл алган. Жаңы санариптештирүү программасын иштеп чыгууда эксперттик кеңешке ар тараптуу жардам берүүңүздөрдү суранат элем”, — деди А.Жапаров.

Ошондой эле, калкты улуттук паспорттор менен камсыз кылууда үзгүлтүккө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү тапшырмалары берилди.

2023-жылга Санариптик өнүктүрүү министрлигинин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик Кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүү каралган.

“Санариптик Кодексти ушул жылдын 1-июлуна чейин аягына чыгарып, Министрлер кабинетине киргизиңиздер. Даярдалып жаткан Санариптик Кодекс мыйзамдардагы бардык карама-каршылыктарды жоюп, санариптик экономикага жаңы дем берет деп күтөбүз. Бул Кодекс тар чөйрөдөгү адистерге эле эмес, ар бир жаранга түшүнүктүү болушу керек экендигине көңүл буруу зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы, Министрликтин жаңы Калкты тейлөө борборлорун куруунун жана ачуунун үстүндө иштеп жатканы жакшы экенин, бирок ар бир жаран колдонгон уюлдук телефон аркылуу кызматтарды алууну күчөтүп жарандардын тейлөө борборлоруна барууларын азайтуу зарылдыгын кошумчалады.

Министрликтин быйылкы планына, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүү киргизилген.