Мамбетжунус Абылов ооруканадан СИЗОго которулду

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов 1-мартта Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнөн Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

«Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек. Бул чечимге эч ким канааттанган жок», – деди Булекбаев.

Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 7-февралда которулган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу камакка алынгандардын бири.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камалган

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айткан.