
Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордун максаты – окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.
Мэрия №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөрдү тандап алганын белгиледи.
Долбоор президенттин “Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.
Европадагы айрым өлкөлөрдө коңгуроо үнү окуучулардын «тынчын алганы» үчүн өчүрүлгөн.