Абиров катышкан мушташка шектүү катары кармалган эки жаран камакта калды

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмышка шектүү катары кармалган эки жаран камакта калды.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан А.Д. жана П.Э. бир айга, башкача айтканда 2023-жылдын 13-апрелине чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган П.Э. 1987-жылы туулган А.Д. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар токмоктогон.

Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылып, ага «мээнин жабык жаракаты» диагнозу коюлган. Жабырлануучу ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.