Ысык-Көлдүн милициясы соттон 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармады

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жакында “Издөө” операциясынын алкагында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери КР ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин жардамы менен Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну А.С. Бишкек шаарынан кармалган.
“Кармалган жаран, 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) менен каралган кылмыш үчүн издөөгө жарыяланган болчу.
Изделип жаткан жаран Бишкек шаарындагы турак жайлардын биринде кармалган. Ал дээрлик 7 жыл бою сот акыйкаттыгынан жашырынып келген”, – деп билдирет облустук милиция.
Кармалган жаран Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилди.
“Издөө” операциясынын алкагында милиция кызматкерлери Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы Ш.А. аттуу тургунун да кармоого үлгүрүштү. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал кылмышты Каракол шаарында жасаган.
Кармалган жаран, 2022-жылдын апрель айында Каракол шаардык соту тарабынан издөөгө жарыяланган болчу.

WhatsApp Image 2023 03 16 at 07.04.44 Ысык-Көлдүн милициясы соттон 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 03 16 at 07.04.44 1 Ысык-Көлдүн милициясы соттон 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаранды кармады