Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 15-мартта, иш сапары менен Анкара шаарына (Түркия Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна келип конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын туулары илинип, ардак кароол тизилген.

Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.

Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

photo 2023 03 16 03 12 33 Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
1024x672xphoto 2023 03 16 03 12 35.jpg.pagespeed.ic.UofQrJvBYl Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
photo 2023 03 16 03 12 32 Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
photo 2023 03 16 03 12 36 Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
photo 2023 03 16 03 12 31 Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Түркиянын президенти Садыр Жапаров тараптан колдоосун сезип жатканын, ал биринчилерден болуп көңүл айтуу үчүн телефон чалып, Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында көңүл айтуу китебине өзү жазуу калтырганын белгиледи. Түрк эли үчүн бир тууган кыргыз элинен мындай колдоо күч-кубат берет.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине токтолгон Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү оң динамикага ээ болуп, 26 пайызга өстү. Келечекте бул көрсөткүчтү 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган.

Ошону менен бирге Түркиянын президенти Түрк инвестициялык фондун түзүүнү жана анын Бишкекте аймактык өкүлчүлүгүн ачууну колдой турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Түркияда болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы боордош түрк эли менен бирге чын дилден аза күтүп, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин кааларын белгиледи.

Садыр Жапаров Түркия табигый кырсыктын кесепеттеринен тез арада калыбына келип, бул оор сыноодон татыктуу чыгарына ишеним билдирди.

Өлкө бул каргашалуу мезгилде жалгыз калган жок. Бүткүл дүйнө коомчулугу, анын ичинде Кыргызстан, кайгыны тең бөлүшүп, колдоо көрсөтүп, издөө-куткаруу топторун, гуманитардык жардамды, жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн чатырларды жөнөтүштү.