Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишинен «жашыруун» деген грифти алып салды

Бишкек шаардык соту адвокат Кантемир Турдалиевдин арызын жарым-жартылай канааттандырып, «Кемпир-Абад ишидеги» купуялуулук мөөрүн алды. Бул тууралуу Турдалиев өзү билдирди.

Адвокаттын айтымында, азырынча ага соттун чечими тие элек. Юрист мамлекеттик сыр камтылбаган томдордон купуялуулук грифи алынышы керек деп эсептейт.

«Тергөө иштин мамлекеттик сырды камтыган материалдарын жашырууга укуктуу. Мен иштин бардык материалдары жашырылганы боюнча арыз бергем. Бул боюнча сот менин кайрылуумду канааттандырды», — деди Турдалиев.

Адвокат эми мамлекеттик сыр камтылган иштин материалдарынан башка сот отурумдарынын баары ачык өтүшү керек экенин белгиледи.

Былтыр октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген эмес.

Президент Садыр Жапаров активисттердин камалышы боюнча комментарий берип жатып, «камактагылардын 90% ашыгы чек ара маселелери боюнча жабык талкууларга катышкан жана алар Кемпир-Абад Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билиши керек болчу» деген. Анын айтымында, кармалгандар элди адаштырып, «мамлекеттик төңкөрүш» жасоого аракет кылган.