Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушу биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, мыйзам долбоору Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын алкагында, укук колдонуу практикасын эске алуу менен аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскерди кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун концепциясын колдой турганын белгилеп, альтернативдик кызматты өтөөдө коомдук жумуштарды аткаруу боюнча норманын максатка ылайыктуулугуна кызыгып, бул норма колдонулбай келгенин жүйөө келтирди.

Ал эми, депутат Надира Нарматова аскерге милдеттүүлөрдүн бардык категорияларынын аскердик жана альтернативдик кызматтарын өтөө боюнча суроолоруна түшүндүрмө алса, эл өкүлү Карим Ханжеза кесипкөй армияны өнүктүрүү жана аны жетиштүү деңгээлде каржылоо маселелерине көңүл бурду.

Ошондой эле, депутат Гуля Кожокулова кызмат өтөө мөөнөтүнө тиешелүү жоокерлердин укуктары, армиянын материалдык-техникалык базасы, аскер кызматчыларын форма менен камсыз кылуу боюнча маселелерди көтөрдү.

Мындан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев аскер кызматчыларынын арасындагы бири бирине үстөмдүк кылуу мамилелерине жол бербөө керектигин баса белгилеп, бир жылдык аскер кызматын дагы 2 айга узартуу сунушун кайра карап чыгууга чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.