Токмок шаардык кеңешинин депутаты эки айга камакка алынды

Бүгүн, 11-мартта райондук соттун чечими менен тергөө маалында шектүүнү камакка алуу чечими чыккан. Ал 6-майга чейин Тергөө изоляторунда кармалат.

Эскерте кетсек, Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалган. Ал Яндекс Go кызматынын иштөөсүнө каршы чыгып, ишкананын өкүлдөрүн коркутууга алган деп шектелүүдө. 

Маалыматка ылайык, 26-февраль күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 26-февралда болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран (өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган) Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’дун Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Чүй ОИИББнын тергөө кызматында болгон тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылды. Учурда тергөө уланууда.