Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы эки айга камакка алынды

УКМК тарабынан кармалган Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов эки айга камакка алынды.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 4-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, Эркиновду 3-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Белгилүү болгондой, Эркинов коррупцияга шектелип кармалган. Азырынча ал кармалган иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Эскерте кетсек, Кыргыз-венгер фонду 2021-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн доллар болгон. Аны 50 млн долларга чейин көтөрүү пландалган.