Сузакта 18 жаштагы кызын зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 18 жаштагы кызын зордуктоого шектелген жаран эки айга камалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган Н.К. аттуу атасы зордуктаганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуяга шектүү катары 43 жаштагы Н.К. аттуу жаран кармалып, эки айга камакка алынды. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.