Бишкек-Ош унаа жолунда гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды

YouTube video

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине Жалал-Абад облусунда «Куба» аттуу жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Жалал-Абад облусунун ИИБда катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
2023-жылдын 18-март күнү Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында Бишкек-Ош унаа жолунда ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын эки жараны, А.К. жана К.И. өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылып алынган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 786 гр болгон «гашиш» баңгизаты болуп аныкталган.
Мындан тышкары, кармалгандардын бирине таандык «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны тинтүү жүргүзүү учурунда дагы 48 гр “гашиш” табылган.
Кармалган заттын жалпы салмагы 834 граммды түзгөн.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул факт боюнча Жалал-Абад облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 282-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

c6d78e31 a97a 4e02 9b35 03bab5ca464c Бишкек-Ош унаа жолунда гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды
a47684b0 f9eb 48c1 bc6f e291a1497169 Бишкек-Ош унаа жолунда гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды