Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты

Бүгүн, 11-мартта Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты.
Митингчилердин негизги талабы спорт аянтчасынын аймагына элиталык үй курууга тыюу салуу болду. Активист Улан Жаныбаевдин айтымында, алардын алдына вице-мэр Нурдан Орунтаев чыгып, 6-кичи район жана Асанбай кичи районундагы спорт аянтчаларынын ордуна элиталык курулуш болбойт деп убада кылган. Ошондой сөзүн тастыктаган кепилдик катын берген.

eb9fc00b afae 42e3 9916 198e77f97982 Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты
Фото: Апрель
e82cd81e dd65 4c16 aa81 67a626f20f22 Асанбай кичи районунун тургундары митингге чыгышты