Алмазбек Исманкулов эки айга камалды

Коррупция иши боюнча кармалган «Көз микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февралда Октябрь райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, Исманкуловду 9-апрелге чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Ошондой эле, аны менен бирге кармалган Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 9-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 10-февралда Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгону, алардын аракетинен мамлекетке 93,1 млн сом зыян келтирилгени кабарланган.

Андан кийин Исманкулов менен Талант Рыскулбек уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.