Жалал-Абадда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды

    Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта, КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалганы айтылат. "Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө. 
    Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
    Тергөө иштери жүрүп жатат.
WhatsApp Image 2023 02 13 at 08.54.40 Жалал-Абадда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды