Сот Алмазбек Исманкуловду камакта калтырды

«Көздүн микрохирургиясы» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карады.

Бишкек шаардык сотунун 10-апрелдеги маалыматы боюнча, Исманкулов 1-тергөө абагында 9-июнга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Алмазбек Исманкулов менен Бишкек мэриясында департамент башчысы Талант Рыскулбек уулун кармаганы 10-февралда белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жүрүшүндө «Көздүн микрохирургиясы» ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бир нече жооптуу кызматкерлери материалдык кызыкчылык жана башка жеңилдиктерди мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барганы аныкталган.

Шектүүлөр Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукананын 2-имаратын жеке жактарга ижарага берилбей турганына жана ооруканадагы орундардын жетишсиздигине карабай, атайылап баасын төмөндөтүү менен мыйзамсыз түрдө ижарага беришкени аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.