Роман Ким Азия чемпионатында коло медаль утту

130kg GR - Gold - Amin MIRZAZADEH (IRI) - Silver - Lingzhe MENG (CHN) - Bronze - Alimkhan SYZDYKOV (KAZ) - Bronze - Roman KIM (KGZ)

Кыргызстандык балбан Роман Ким Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту.

Роман Ким грек-рим күрөшү боюнча 130 кг салмакта катышып, коло үчүн кармашта өзбекстандык Темурбек Насимовду 10:1 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.