Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

Кыргызстанда жалпы 9 млн гектар жайыт бар. Анын ичинен эң көп аянт – 30% жакыны Нарын облусуна туура келет. Тагыраагы, Нарында 2 млн. 600 гектарга жакын жайыт бар. Тилекке каршы, 

облуста жыл сайын жайыт деградациясынын аянты өсүп, мунун айынан малдын асылдуулугу төмөндөп жатат. 

Талдоочулар бир аймактагы деградация көйгөйү жаратылышка, өлкө экономикасына терс таасирин тийгизээрин белгилешет. Анын ичинде зарыл азыктардын катарына кирген эттин баасы өсөт. Биз деградациянын себеби жана анын кесепеттерин анализдеп көрдүк.

*Жайыт деградациясы бул – туура эмес пайдалануудан улам жайыттардын талкаланышы жана анын негизинде тоют чөптөрдүн түшүмдүүлүгүнүн азайышы.

07QQpVXTPs7o4h1x1W rUPc XXs2FX40 gV48suW8IQjNxEbdlqxwQO4h4RERKfv2fAaYsKdt1uJwSaftDSxUxhNmbIYi7ktX3UXmbiWJpjhpeR53KsV8e1j4QekQPtwRW52f6Ta5XF 8Yct0 Jh 8 Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

 Жайлоого чөп чыкпай, кыйналган малчылар

Нарын районунун тургуну Чолпон Абдрашитованын үй-бүлөсү мал-жандык менен тиричилик кылат. Ал жашаган аймакта жайыт деградациясы орчундуу маселелердин бири экенин айтты. Жайкы жайыттардын басымдуусу такыр жерге айланып, мал багуу жыл санап кыйынчылыкка кептелүүдө. Мурда малдын санын көбөйтүүгө аракет жасаса, азыр аларга тоют жеткирүү көйгөй болуп калды.

Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

 “Биздин Жерге-Тал айылына аз эле аянттагы жайыт бөлүнгөн. Бирок коңшу айылдагы малчылар дагы талашып, кирип алышат. Анан эки айда эле жайытты койдун туягы талкалап, чөптү тамыры менен жок кылып салат. Ошентип жайлоолорго чөп деле чыкпай калды. Мунун айынан акыркы 2-3 жылдан бери жайлоодон мал арык түшөт. Деградациянын кесепети менен жайыттар талашка айланып, муну кимге деле айтышты билбейбиз”,-деди каарманыбыз.

Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулары Ат-Башы районундагы Ат-Башы жана Ак-Муз айыл аймактарынын ички жайыттарында деградациянын көрсөткүчү боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анда изилдөөгө алынуучу участок тосмо менен курчалып, ичиндеги топурактын, өсүмдүктүн жана анын тамыры лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлгөн.

4o8PkUJ2F84sI8HA9ZLuNl9OeM4eelUqqfGWR5QSoJ3I1OAt20OgwT0g0QuqXOPdXkbVSueTAHg97 sLuN3eCs8Gr9rumf6 eQPzKYS4k5Gm HTZj4l43 k46V5MENe1PxgkC HiXS4ba6qWmhERaFQ Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

Жыйынтыгында тосмонун ичине караганда сыртындагы топурактын тапталуусу үстүнкү бетинде (0-10 см тереңдикте) 183%, ортоңку тереңдикте (10-20 см) 135%, ал эми алдыңкы тереңдикте (20-30 см) 173% жогору болгондугу далилденген.

Жөнөкөйлөштүрүп түшүндүргөндө, айылга жакын жайгашкан ички жайыттарда жыл бою мал жайылгандыктан алар деградацияга тез учурап жатканы, мал жеген чөптөрдүн азайып, анын ордуна отоо чөптөрдүн басымдуулук кылып жаткандыгы аныкталган.

D2m9u0SSp5avfZG82H8QtMFhALHF2hLLXcr5IOYRmBjfI EMLnf7YRD3rOjhjPu9yP4m86ddpXycS69WgruyfWVMdDUVmx0WlRWV0I38iiZpKVAlv2xk9lJi2D XB rdTaqFpNGvGQe4Trl7JSHpE6Q Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

Нарын облусундагы жайыт деградациясынын көрсөткүчү

Статистика боюнча Кыргызстанда 30 жылдан бери жайыт аянттарынын кеминде 35 пайызы деградацияга учураган. Мындан ары дагы көңүл кош мамиле улана берсе, деградация аянты жыл сайын 5 пайыздан 10 пайызга чейин көбөйөт.

 Деградациянын себептери. Жайыт департаменти эмне дейт?

Жайыт жана асыл тукум департаментинин башкы адиси Карлыгач Кубанычбекованын айтымында, жайыттардын деградацияга учурашына туура эмес колдонуу себеп болуп жатат. Тагыраагы, жакынкы жайыттар ашкере пайдаланылып, алыскы жайыттыр колдонулбай жатат. Ошол эле учурда малдын саны көбөйүп, жайлоого мал чектен ашыкча жайылууда.

ukvo39cjp zYWwuMnwQPtVQwBljTMjDYKXbr069AnloMh6zQELPpZtYF5Lnqf1eq8b8NQ2Dl35TNnWHKPhdlVnlwkaV5YWcJRJh ssh6G2dm7W3MSxDLQbR 7zoX1YSwLoXawQlWRi8FyIPW5Na 8lE Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

 “Аймактардагы жайыт комитеттери жайыттарды которуштуруп пайдалануу боюнча пландарды иштеп чыгышат. Бирок ал көпчүлүк учурда аткарылбай калууда. Ошондуктан жыл сайын жайыт колдонуу эрежелери боюнча текшерүү жүрөт. Анын негизинде былтыр 200 миң гектардан ашык жайытты эс алдыруу боюнча чечим чыгарганбыз. Эреже боюнча такыр жер 3 жылга чейин эс алганда калыбына келет”,-деди Карлыгач Кубанычбекова.

Норма боюнча алганда 1 гектар жайытка 1,6 шарттуу баш мал туура келет:

yD7xIiEWSUGtjQwg2Qvr0j4pvLiXKFuhAQcSv688dn4WtEIuUnFePN5fTbWaZR0bZwbwhZtqWDNoAtKnCsahx871oE8MI 7GuvjdND2FLhP PDb5E9JC00 UcVv80pcQ98GzLH xkDyKn PYwjq2IME Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү


Статистика комитетинин маалыматы боюнча, Нарын облусунда мал-жаныктын саны жыл сайын өсүп жаткандыгын билүүгө болот:

Жайыт деградациясы экологияны булгап, экономикалык көйгөйлөргө алып келет

Академик, мурда айыл чарба министри болуп иштеген Жамин Акималиев жайыт деградациясынын кесепеттерине токтолду. Ал жайлоолордун сарамжалдуу пайдаланылбай жатышын жалпы Кыргызстан үчүн “трагедия” деп атады. Себеби деградацияга кабылган жайлоолорду тикен менен отоо чөптөр басат. Мындан тышкары, майда жандыктар, курт-кумурскалар жоголот. Ал эми зыяндуу чөптөрдүн, тикендин уруктары шамал, агын суулар аркылуу башка аймактарга жетип, ал жайыттарды дагы зыянга учуратат.

ahOMsA5CRjcp7dqJUGx9nbfk Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

Жамин Акималиев.

Союз маалында тоютка болгон муктаждыктын 60 пайызын жайлоолор жаап келген. Азыр жайыт тоюттун 40 пайызын гана берет. Тагыраагы, бара-бара тоют чөптүн тартыштыгы күч алып, кымбатташына алып келүүдө. 

“Бул бир аймактын же азчылыктын эле көйгөйү эмес, жалпыбыз көңүл бура турган маселе. Ага улай элдин 68 пайызы айыл жеринде жашап, мал-жандык менен тиричилик кыла турганын унутпашыбыз керек. Мисалы, мурда бир гектар жерден 50-60 центнер арпа жыйналса, азыр араң 15-20 центнер түшүм алынат. Ал эми беде сепкенде (кургак чөп) гектарынан 100 центнерден түшүм берчү. Учурда бул көрсөткүч эки эсеге төмөндөп кетти”,-деди Жамин Акималиев.

FO0E2FtfuFpazVqmr05 Tlje55Ecf9F6RjeJHF2aiE2sMxhaR3kctwPCXm1q o2e2CmbyQ LT SfRE8yeKEYXzecB3C Uli0VJZKME8QMxxv3uipmMeGy hqh9Piqp48C6N4Ep9aph6Bh68iB UZQ4s Эттин кымбатташына таасир эткен жайыт көйгөйү

Эттин баасы бир канча факторлорго көз каранды болгону менен, өз кезегинде тоют тартыштыгы да таарисин тийгизет. Бул сыяктуу себептерден улам Кыргызстанда жыл санап эттин баасы өсүп жатат.

Статистикага таянсак, 2016-жылы эттин бир килограммы 300 сомго жеткен эмес. Ал эми 2022-жылга жетип, бир килограмм эттин баасы 500 сомдон ашты.

Белгилесек, талдоочулар мындай көрүнүш улана берсе, жакынкы жылдары экономикага олуттуу сокку урулаары мүмкүн экенин эскертип келишет. Ошол эле учурда жайыттарды которуштуруп пайдалануу, жакырланган жайлоолорду эс алдырып колдонуу деградациянын алдын ала турганы айтылат. 

Автор: Дилде Шатанова, Нуржамал Баргыбаева

Сүрөт: Найзабек Мукамбетов

Мунун баары IDEA CA тарабынан @ukinkyrgyzstan каржылык колдоосу менен @actedcentralasia жана @worldbank  биргеликте ишке ашырып жаткан «Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу» программасынын алкагында ишке ашырылууда. Автордун пикири колдоочу уюмдардын пикири менен дал келбеши мүмкүн. #IDEACA #ACTEDKyrgyzstan