Жоламан Шаршенбеков жарым финалда күч сынайт

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына өттү.

Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен, 10:0 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеште буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Роман Ким коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.