Нарын: Садыр Жапаров ККМге каршы чыккандарга жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Облустук администрациянын имаратында өткөн жумушчу жыйын аяктагандан кийин Мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты.

Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.

Видеодон белгилүү болгондой ал демөөрчүлөр тууралуу да сөз кылып жатканын угууга болот.