Кадамжайдын тургундарын алдап кеткен аял киши кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

  Маалыматта айтылгандай, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын июль айында гилас мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган. Жалпысынын 11 арыз түшүп, арызданган жарандарга 270 000 миң сомдук зыян келтирген.
  Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 
  "Кадамжай РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Чүй облусунун Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, Ош облусунан кармалып келди.
  Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 40 жаштагы К.Н. мурда да алдамчылык кылмышы менен жоопко тартылгандыгы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта. 
   Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.