Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды

УКМК тараткан маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК жана Өзбекстан Республикасынын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагынан кармалып, Өзбекстан Республикасынын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу КРнын жараны КР УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кетишкен туралуу фактысын айтып, барымтада кармалып турганын бошотуу боюнча кайрылган.

Такталгандай, жогруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстан Республикасына алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 10 at 08.07.44 Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды
WhatsApp Image 2023 03 10 at 08.07.44 1 Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды
WhatsApp Image 2023 03 10 at 08.07.44 2 Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды
WhatsApp Image 2023 03 10 at 08.07.45 Уурдалган кыргызстандык жаран Өзбекстандан табылды